Президент Алмазбек Атамбаев жаңы төрөлгөн 4 эмдин ата-энесине үй салып алуу үчүн 2 миллион сом бөлүп берди

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы төрөлгөн 4 эмдин ата-энесине үй салып алуу үчүн 2 миллион сом бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди. Акаевдин айтымында, эгерде бул каражат үй салууга жетпей калса, өлкө башчы кошумча каражат бөлүп берет. "4 эмдин ата-энесинин Бишкек шаарында жер тилкеси бар экен. Мына ошол жерине чоң үй салып алуу үчүн президент колдоо катары 2 миллион сом бөлүп берди. Бул ата-энелердин 4 эмден башка дагы 3 баласы болгондуктан, өлкө башчы 2 бөлмөлүү үй берип койсо жетмек эмес. Ошондуктан жер үй салып алууга жардам берди",- деди Акаев. 
Эскерте кетсек, 9-апрелде Бишкекте төрөлгөн 4 эмге АлмазбекАсылбекКубанычбек жана Камчыбек деген ысымдар ыйгарылды. Алмазбек деген ысым президент Алмазбек Атамбаевдин, Асылбек деген ысым Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековдун, Кубанычбек деген ысым Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун, Камчыбек деген ысым Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин урматына арналып ыйгарылган.  

Кошумчалай кетсек, 4 эм 9-апрелде Гүлайым Абдылдаева менен Нурлан Зарнаевдин үй-бүлөсүндө туулган. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан