15-апрелден 17-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137, 198-265 жана 246-чакырымындагы Көчкү-Булак тилкесинде, ошондой эле 248-255-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү коркунучу күтүлөт. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.