Кыргыз мамлекетинде 2014-жылдын сентябрынан бери "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" кодекстин долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топтун 6 отуруму өтүп, долбоор даярдалды. Бул тууралуу 14-апрелде Каржы министрлигинен билдиришти.
Отурумдарда кодекстин баштапкы долбоору иштелип чыгып, министрликтердин жана ведомстволордун бардык сын-пикирлери жана сунуштары каралганы айтылды.
"Кодекстин долбоорунун акыркы варианты 2015-жылдын 24-25-мартындагы жыйынтыктоочу көчмө жыйында айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кайрадан иштелип чыккан. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ долбоорду 2015-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине берген",- деп билдирет мекеме.