Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктыгы демилгелери боюнча Байкоочу кеңештин курамына талапкерлерди кабыл алуу үчүн коомдук уюмдар арасында сынак жарыяланат.
Аталган министрликтин маалыматына таянсак, талапкер жылдыруучу коомдук уюм:
өлкө аймагында катталып, акыркы 2 жылда өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүшү, жоюлуу же кайра түзүлүү процессинде болбошу, энергетикалык тармакта иштөө тажрыйбасы болушу керек. Сунушталган талапкер төмөнкү тармактардын бири боюнча тажрыйбага ээ болууга тийиш:
электр энергиясын пайдалануучулардын укугун коргоо;
ачыктык жана отчёттуулуктун жалпы механизмдерин жылдыруу, мунун ичинде бюджетти түзүү жана башка.
Сынак боюнча (0312) 56-03-17 телефон номерине кайрылууга болот.