Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Бюджет кодексин экинчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин долбоорун экинчи окууда колдоду. Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошевдин айтымында, долбоор боюнча депутаттардан 350 сунуш келип түшүп, алардын көпчүлүгү эске алынган.

"Буга чейин бюджет тууралуу кабардар болгусу келгендер 12 мыйзам долбооруна кайрылып, андагы маалыматтар менен таанышып келишкен. Эми алардын бардыгы бир Бюджет кодексине топтоштурулуп, ошол эле учурда андагы мыйзамдардын төртөөсү жокко чыгарылат. Бюджет кодексин кабыл алуу менен анын ачыктыгы камсыз кылынып, парламенттин көзөмөлү күчөтүлөт. Бюджет оптималдуу болуп, жергиликтүү бюджеттин өкүлчүлүгү жанданат",- дейт Кожошев.

Комитет "Үй-бүлө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун да биринчи окууда колдоду. 



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан