Кара-Суу районундагы Нариман айылдык кеңешинин төрагасы 2 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган айылдык кеңештин төрагасы ага карата мурда козголгон кылмыш ишин оң жакка чечип берүү үчүн Коррупцияга каршы кызматынын өкүлүнө 2 миң доллар сунуштаган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, айылдык кеңештин төрагасы жогорудагы сумманы берип жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.