Дастан Бекешев тамекилерге акциз салыгын көтөрүү боюнча өкмөттүн аракетине нааразы

Жогорку Кеңештин 15-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешев тамекиге болгон акциздик салыкты көтөрүү ставкалары боюнча өкмөттүн сунушуна нааразычылык билдирди. Депутат парламент спирт ичимдиктерине жана күйүүчү майларга акциздик салыкты көтөрүүчү мыйзам кабыл алганын айтып, буларды кошумчалады: "Өкмөт кымбат тамекилерге жеңилдик берип, арзандарына 2 сомго көтөрүүдө. Бюджетте акча жок дешет, бирок акциздик салыктын ставкасын түшүрүшүүдө. Бул маселени кароо үчүн комитетке тапшырма берүү керек".
Спикер Асылбек Жээнбеков комитетке тапшырма берилерин билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан