ЭлТРдин Ош шаарындагы башкы кеңсесинин кызматкерлери телеканалдын башкы директорунун милдетин аткаруучу Максуда Айтиеваны колдоп чыгышты. Алар жетекчинин орун басары Бейшенбек Бекешовду жумуштан алуу талабын коюшууда.
Телеканалдын Ош шаарындагы кеңсесинде атайын чогулуш өтүп, түзүлгөн кырдаалдын оң-солу талкууланды. "Жыйынга катышкан кызматкерлердин көбү башкы директордун милдетин аткаруучуга коюлган талаптарга макул эместигин билдиришип, жамааттын арасындагы биримдикти жана ынтымакты бузгандарга карата чара көрүүнү суранышты. Мындан тышкары Бейшенбек Бекешовдун жана Жайнагүл Максимованын (баяндамачы - ред.) аракеттерин сындап, аларды кызматтан кетирүүнү талап кылышты.
Чогулуштун жыйынтыгында телеканал жамаатынын жана Профсоюз уюмунун атынан жазылган катты жараксыз жана башкы директордун милдетин аткаруучу М.Айтиевага коюлган талаптарды негизсиз деп табуу тууралуу токтом кабыл алынды",- деп билдирди телеканалдын маалымат кызматы.
Телеканалдын Бишкектеги кеңсесинде 14-апрелде жыйын өтүп, түзүлгөн кырдаал талкууланды. Чогулушта Максуда Айтиева тийиштүү сын-пикирлер эске алынарын билдирип, бирок реформа жасоо аракетин токтотпой турганын маалымдады. Фокус-топтордун сынынан өтпөгөн, көрүүчүлөрдүн 3 пайызын тарта албаган программалар токтотулганын, мындан тышкары коррупциялык схемаларга каршы иштер уланарын белгиледи.
Телеканалдагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу аракетин SUPER.KG порталына Максуда Айтиева мындайча түшүндүрдү:
"Буга чейин "демөөрчүлөрдөн акча алдык" деп көрсөтүү даярдап, аны эфирден берип жүрүшкөн. Мен келгенден кийин буга тыюу салдым. Бардык демөөрчүлүк иштер, кызматташуулар келишимдин негизинде жүрүп, акча бухгалтерия аркылуу өтүшү керектигин талап кылдым. Мамлекеттин эсебинен каржыланган телеканалда коррупциялык жолдор иштебеши керек. Буга чейин мындай болгон эмес да, талаптар күчөгөндөн кийин эски системге көнүп алгандар мага каршы чыгышты".
Медиаэксперт Назира Раимкулова "бул чыр кызыкчылыктардын тирешүүсүнүн жыйынтыгы" деген пикирде.
"Мындай кырдаалда Максуда Айтиеваны колдойм, анткени аны мыкты адис катары баалайм. Реформа сөзсүз кыйынчылыктар менен коштолот. Кызыкчылыктардын кагылышы адамдардын өзгөрүүлөрдөн баш тартканынан пайда болууда, айрыкча бир системдин ичинде. Мындай адамдар бир нукта жашай беришет. Ал эми “жаңы кан” куюлганда, алар тынчсыздана башташат. Менин оюмча, Бейшенбек Бекешов өзүнүн жеке амбицияларын жаңы редакциялык саясат менен аралаштырбашы керек",- дейт эксперт.
ЭлТРдин жамаатында түзүлгөн кырдаалды өкмөт териштирүүдө. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү чечим кабыл алынары айтылды.