Түркиянын Юстиция академиясынын вице-президенти Мустафа Артуч жылына аталган окуу жайга 8 миллион доллар бөлүнөрүн, ал жерде соттор гана эмес, прокурорлор да билим алышарын белгиледи. "Түркияда 15 000ге жакын сот жана прокурор бар. Биздин академияда 6 айлык окутуудан өтүшөт. Алгачкы бир жарым айда чогуу, кийинки төрт жарым айда соттор өзүнчө, прокурорлор өзүнчө окушат. Биздин окуу жайда түркиялык сотторго кандай шарт түзүлсө, ошондой шарттарды кыргыз соттору менен да бөлүшкүбүз келет. Бардык тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө даярбыз. Кыргыз мамлекетинде 450гө чукул судья болсо, аларды бир жылда 90дон болсо да окутуп, беш жыл ичинде биздин академиядан квалификацияларын жогорулатууга бардык мүмкүнчүлүк бар",- деди Артуч.
Турганбеков өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасы, сот тутуму жана
анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.