"Сойкукана" деп бир катар эс алуучу жайларды текшерүүгө алган "Кыргыз чоролору" бирикмесине аялдар кошулду

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин катарына аялдар кошулду. Бул тууралуу интернеттеги социалдык тармактар аркылуу бирикменин төрагасы Замирбек Көчөрбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 15-апрелде "Кырк кыз" уюму "Кыргыз чоролору" менен жыйын өткөрүп, коомчулуктагы терс көрүнүштөр менен мындан ары чогуу күрөшүүнү чечишти. "Жыйында "Кыргыз чоролору" бирикмесинин мурдагы жоболоруна толуктоолор киргизилип, бирикменин астында жер-жерлерде "Кырк чоро" кошуундары, "Кырк кыз" айымдар биримдиги жана аксакалдар кеңеши түзүлө турган болду",- деди активист.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарынын "Таатан" соода борборунун жанында жайгашкан сойкукананы өзүм билемдик менен "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү текшерүүгө алышкан. Ушуга байланыштуу бул топтун 5 мүчөсүнө карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
sarishka
2015-04-16 00:06:45
En tuura azamatsinar kudaium koldosun silerdi
+3
bakyt9
2015-04-16 00:16:32
Абдан туура !
+2
tin90
2015-04-16 00:40:33
Азаматсынар Алла Таала ылайым ушул мунозунордон жазбасын.
+4
kama_future_millioner
2015-04-16 01:23:37
Туура кыласыңар мен да кошулгум келип жатат ушул уюмга
+3
Nuri-Alina
2015-04-16 01:36:24
Менда колдойм алга ушундай адамдар кобойо берсин
+3
Manasemetei
2015-04-16 03:10:35
менда колдойм
+2
Ariet7
2015-04-16 03:55:39
азаматсынар Кыргызстанды тазалап,тартипке келтириш керек
+3
aidartegin
2015-04-16 08:48:07
эки колдоп колдойм.....Анткени Бул уюм .бей баштыктыкты токтотот....буюрса биздеги миграция мыйзамын озгортот..а то сайрандап кетти..коноктор!!!

+2
Aktilek81
2015-04-16 09:33:03
Аялдар кошулушса, эми чоролор эмес "ОБОНдор" болуп калышат, жон эле коюшса болмок. Аялдын орду кадимки жумуш жана уй-було, бирок кочо кыдырып акыйкаттык издоо эмес! Ал эркектин иши!
-7
aika1405
2015-04-16 19:54:14
Aktilek81, эркектин колунан келбеген иштерди жасап койчу аялдар бар,сен эмне деп жатасын.
+1
raku
2015-04-16 10:03:51
Абдан жакшы, колдойбуз!!! Ишиңерге ийгилик!
+1
Akmosha
2015-04-16 12:04:01
Азаматтар!!! Окмоттун колунан келбейт терс корунушту токтотконго."Кырк чоро","Кырк кыз" топтору жаш балдарды кордогондорду да караныздарчы,элдик жазага тарткылачы ошондой эркек сооройлорду.
0
jamilya03
2015-04-16 16:13:07
aktilek81 эмнеге аяалдар кошулбаш керек кыргызстанда 80% аяал эркек болуп талаада уй булоо багып журбойбу сен оз элинде оз жеринде иштеген аяалдарга намызданба
0
jamilya03
2015-04-16 16:21:24
"Кырк чоро" "Кырк кыз" топторунан суранат элем азыр бизде талаа иштери башталды кармалган сойкулардын баарын талаага алып барып иштетсенер бешене тер адал эмгек менен иштегенди уйронушсун
-1
kudiret9413
2015-04-16 18:34:40
Азаматсыздар! Кыргызстанга барсам мен да кошуламын буйруса.
0
nurkasym-2014
2015-04-17 10:32:55
Эн туура иш болуп атыптыр.Мен да кошулам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан