Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын "Патент мыйзамына" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 16-апрелде президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 4-мартында кабыл алынган.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын калкын саламаттык үчүн керектүү дары-дармектерди алууну камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын "Патент мыйзамына" өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн зарылчылыгы дары-дармектердин кээ бир түрлөрүнүн бааларынын кымбаттыгына байланыштуу болгон. Аталган мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр Кыргыз Республикасынын рыногун арзан генерикалык (оригинал дары-дармектерге аналогдор) дары-дармектер менен камсыз кылууга шарт түзөт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.