Вице-премьер-министр Валерий Диль 15-апрелде "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортунун учуп-конуучу тилкесин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү тууралуу отчётту укту. “Манас” аэропортунун Долбоорлорду башкаруу жана аэропортторду өнүктүрүү боюнча дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов "Ысык-Көл" аэропортун оңдоонун биринчи этабына 25,9 миллион доллар жумшалганын, учуп-конуучу тилкеси 1800 метрге узартылганын, азыр тилкенин жалпы узундугу 3800 метрди түзөрүн билдирди.
“2014-жылдын жыйынтыгы менен "Ысык-Көл" аэропорту 160 каттамды ишке ашырып, 5576 жүргүнчүнү тейледи. Азыркы учурда аэропортту туристтик сезон башталганга чейин ачууга даярдык көрүлүүдө”,- деди Бусурманкулов.
Долбоордун экинчи этабында учактарга күйүүчү май куюучу комплекс жана жүк терминалын куруу, инфраструктураны өнүктүрүү үчүн атайын техникаларды сатып алуу пландалып жатканы айтылды.