Кыргыз мамлекетинде учурда 107 үрөн чарбасы Мамлекеттик фонддун 12 500 гектар жерин пайдаланып жатат. Бул тууралуу парламенттин 15-апрелдеги жыйынында "Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды.
Маалыматка таянсак, өлкөдөгү 135 асыл тукум чарбасы, мунун ичинен 11 мамлекеттик асыл тукум чарбасы катталган. Бул чарбалар Мамлекеттик фонддун жерлеринен 88,3 гектар жерди пайдаланууда. Демилгечилердин билдиришинче, жердин семиздигин сактоо мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ болгонун эске алуу менен долбоордо үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларын, илимий изилдөөчүлүк, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүш үчүн жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрүн белгилөө сунушталууда.
Мамлекеттик фонддун жерлерин үрөн өстүрүү, асыл тукум, эксперименттик чарбаларга, илимий изилдөө, сорт сыноочу иштерди жүргүзүш үчүн 20 жылга чейинки мөөнөттө пайдаланууга берилишин кошпогондо эреже катары 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага берилери белгиленүүдө.
Талкууда депутаттар сынаксыз жер тилкелерин ээлегенге, лабораториялардын жөн эле корутунду чыгарып беришине жол ачылып, коррупцияга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтышты. Айтылган башка сунуштар да эске алына турганы айтылып, мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.