Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен отурумунда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өкмөттүн 2014-жылда аткарган иштери тууралуу отчёт берди.
Талкууда депутат Исмаил Исаков бул отчётко канааттанбаганын билдирди. "Өкмөттүн ар бир өкүлү өз милдеттери боюнча жооп бериши керек. Эгер биз бул отчётту кабыл алсак, туура болбойт. Өкмөт Конституциянын талаптарын аткарган жок. Кайрадан оңдоп келсин. Ошондо гана чиновниктердин көздөрү ачылар",- деди Исаков.