УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин 25-июнда Нарынга болгон сапарынан тартылган видеону журналист Өткүрбек Рахманов бүгүн, 1-июлда социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Ал муну интернет желесинде Ташиев барып кеткенден кийин жолдо жумуш 2-3 күн гана жүрүп, кайра токтоп калды деген кептер себеп болгону менен түшүндүрдү.
Анда Ташиев транспорт министри Абсаттар Сыргабаевден калаадагы Шералиев менен Ленин көчөлөрү тууралуу маалымат алган. Сыргабаев Шералиев көчөсү августун 10на чейин толук бүткөрүлөрүн, ал эми Ленин көчөсү сентябрь айынын аягында бүтөрүн айткан.
Андан соң Ташиев жолдордун оңдолушун атайын кызмат көзөмөлгө аларын эскерткен.
Буга чейин Нарындын абалы ыр менен айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындан улам УКМК төрөгасы Нарын шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн.