Түркияда Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын жарыяланышы боюнча иликтөө иштери башталды

Стамбулдун Башкы прокуратурасы Түркиянын популярдуу Leman сатиралык журналына Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарганы үчүн иликтөө баштады. ТРТ телеканалынын маалыматына караганда, карикатуранын автору кармалган.

"Стамбул Башкы прокуратурасы журналда жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатурасына байланыштуу динге ишенгендердин сезимдерин эл алдында мазактоо фактысы боюнча Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин негизинде соттук териштирүү баштады. Эч бир эркиндик ыйык нерселерди мындай жийиркеничтүү түрдө шылдыңдоого укук бербейт", - деген Түркиянын Адилет министрлигинин башчысы Йылмаз Тунч.

Ал Мухаммед пайгамбардын карикатуралары же аны жалпысынан чагылдыруу аракеттери диний баалуулуктарга гана эмес, коомдук тынчтыкка да зыян келтирерин белгилеген. Телеканал ошондой эле прокуратура Leman редакциясынын төрт кызматкерин кармоого уруксат алганын белгилейт.

Аталган журнал 26-июнда Мухаммед менен Муса пайгамбарлардын карикатураларын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан