Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарында "Жылдын мыкты мугалими-2015" сынагынын 3-баскычы өткөрүлүп, катышуучу мугалимдер, көрсөтүлгөн жобого ылайык, тарбиялык саат боюнча ачык сабактарды өтүштү. Тарбиялык сабак катышуучу мугалим тарабынан төмөнкү 3 теманы тандоо менен өткөрүлдү:
- “Өлкөбүздү өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз”
- “Кыргыз жери сопсонун, кыйласынан Ош сонун”
- “Билим менен тарбия – куштун эки канаты”
Баалоодо уюштурулган талкуулоонун тереңдиги жана тарбиялык баалуулугу, максаттар жана милдеттердин жыйынтыктарга дал келүүсү, педагогдун ишмердүүлүгүнүн мазмунунун, формасынын, методдорунун жана ыкмаларынын аудиториянын курактык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө дал келүүсү эске алынды. Сынакка мурунку баскычтардан тандалып алынган 15 мугалим катышууда. Ал эми 4-баскыч (финалдык туру) 29-апрелде өткөрүлүп, 7 мугалим ат салышат. Жеңүүчү мугалим республикалык сынакка катышууга жолдомо алат.