Жалал-Абад облусуна караштуу
Сузак районунун Сафаровка айылындагы Шамши Базарбаев атындагы мектеп оор абалда. Авариялык абалдагы мектепте учурда 315 окуучу билим алууда. Булар 8-9-10-11-класстын окуучулары. Ал эми калган класстардын окуучулары (153ү) коңшу айылга каттап окушат. Аталган мектептин директору Сражидин Исмаилов 20-апрелде SUPER.KG порталына буларды билдирди: "Бул мектеп 4 корпустан турат. Биринчиси 1985-жылы курулса, экинчи жана үчүнчү имараты 1987-жылы, төртүнчүсү 1997-жылы курулган. 1-корпуста окууга 2005-жылы тыюу салынып, жабылган (сүрөттөгү). 4-корпус 2012-жылы жабылган. Ал эми 2-3-корпуста билим алуу уланып жатат. Окуучулар батпай калган учурда мектептин ашканасында окушат".
Мекеме башчысы 2015-2016-окуу жылына жаңы мектеп салынбаса, окуу процесси токтотуларын кошумчалады. "Мектептин абалы менен бир нече депутат таанышып кеткен, бирок натыйжа жок. Жаңы имарат куруу үчүн 2014-жылдын бюджетине киргизилгени жаткан, болбой калды. 2015-жылдын бюджетине да аракет кылдык, "бюджетте акча жок" деген жооп алдык. Кийин кайра "балдар интернаты менен мектепти бириктирип салып берели" деп жооп кылышты. Бирок буга ата-энелер макул болбой коюшту. Балдар эски мектепте билим алуудан коркушат, айрым учурларда ата-энелер кооптонуп балдарын сабакка жиберишпейт. Акыркы убакта 2-3-корпустарда да билим берүүгө болбой калды. Жаңы имарат салынбаса, 2015-жылдын сентябрь айынан тарта бул корпуста окуу процесси токтотулат",- деди Исмаилов.
Айта кетсек, буга чейин
SUPER.KG`нин окурманы
"ЭЛДИК КАБАРга" аталган мектептин сүрөтүн тартып, окуучулар ашканада окуп жатканына тынчсызданып кабар жөнөткөн.