Казакстанда жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга президент
Алмазбек Атамбаев материалдык жардам катары
социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом бөлүп берди. Бул тууралуу 22-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.
Айта кетсек, кырсык 19-апрель күнү эртең менен саат 09:47де Жамбыл облусунун Моюнкум районунда орун алган. Анда Газель-2705 жана Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кагышкан.Мерседес-Бенц Спринтер унаасында 19 адам (1 айдоочу жана 18 жүргүнчү) болгон, анын 14ү күйүп кеткен, калган бешөө ооруканага жеткирилген эле.