АКШнын президенти Дональд Трамп миллиардер Илон Маскты өлкөдөн депортацияланышы мүмкүн экенин кыйытты.
Ак үйдүн газонунда журналисттин "Илон Маскты депортациялайбы?" деген суроосуна "мен муну карашым керек" деп жооп берди. Трамп ошондой эле Масктын жогото турган көп нерсеси бар экенин айткан.
Буга чейин Ак үй башчысы Масктын Конгрессте каралып жаткан чыгаша боюнча мыйзам долбооруна карата сынына жооп кылып, ага Түштүк Африкага кайтып кетүүнү сунуштаган.