Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 597 миллион доллар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2015-жылдын 28-февралына карата 3 миллиард 597 миллион 300 миң долларды түздү. Анын ичинен тышкы карыз 3 миллиард 387 миллион доллар, ички карыз 210 миллион 300 миң доллар. Бул тууралуу 21-апрелде Каржы министрлигинен билдиришти. 

Өлкөнүн мамлекеттик карызы 2014-жылдын 31-декабрына карата 2014-жылдагы ички дүң продукциянын (ИДП) 54,1 пайызын, 2015-жылдын 28-февралына карата 2015-жылга болжолдуу ИДПнын 49,8 пайызын түздү.

"Кыргыз Республикасынын тышкы карызы 2014-жылдын 31-декабрына карата 2014-жылдагы ИДПнын 50,9 пайызын, 2015-жылдын 28-февралына карата 2015-жылга болжолдуу ИДПнын 46,9 пайызын түздү. Өлкөнүн ички карызы 2014-жылдын 31-декабрына карата 2014-жылдагы ИДПнын 3,1 пайызын, 2015-жылдын 28-февралына карата 2015-жылга болжолдуу ИДПнын 2,9 пайызын түздү",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан