Болочок жубайларды баш кошуудан мурун нике келишимин түзүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди
Болочок жубайларды баш кошуудан мурун нике келишимин түзүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 22-апрелде 1-окууда талкуулады. Демилгечи депутаттар мыйзам долбоорунун иштелип чыгышына жубайлар ажырашып кеткенде кыз-келиндердин кыйналып жаткандыгы түрткү болгонун айтышты. Ошондой эле мыйзам долбоорунун концепциясында "эгерде болочок жубайлар никеге туруу келишимин түзүшпөсө, никеге тургузулбайт" деген норма бар. Буга эл өкүлдөрү каршы чыгышты. Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.