22-апрелде Жогорку Кеңеште Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" жана "КР ички иштер органдары жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамдардын макулдашылган варианттарынын долбоорлору каралды.
Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, Бишкек шаарындагы жеке менчик мекемелер менен ишканаларга видеобайкоо жабдууларын орнотуу милдеттендирилет. Видеожабдуулар ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл жүргүзүү үчүн пайдаланылат. Жабдууларды орнотуу жана анын ишин координациялоо милдети ИИМге жүктөлүп жатат.
Видеобайкоо жабдууларын жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотот. Видеого тартылып алынган тасмаларды укук коргоо органдары гана сурап алууга акылуу. Бул чаралар ишке ашырылып калса, кылмыштардын эки эсеге чейин кыскаруусу күтүлөт.
Мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Эске салсак, бул мыйзам долбоорлору мурда парламент тарабынан кабыл алынып, бирок мамлекеттик мекемелер үчүн каржы булактары каралбагандыктан, президент өзүнүн каршы пикирин билдирген. Ошондон улам макулдашуу тобу тарабынан мыйзам долбоорунун макулдашылган варианттары иштелип чыгып, мамлекеттик мекемелерди видеожабдуу орнотууну милдеттендирген жоболор алынып салынды.