Депутат Каныбек Осмоналиев: "Биздин комитет өкмөттүн отчётун колдобойт"

Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында өкмөттүн 2014-жылы аткарган иши боюнча отчёту угулду. Жыйында Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери жана комитет төрагалары өз пикирлерин билдиришүүдө. Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети өкмөттүн отчётун колдобой турганын депутат Каныбек Осмоналиев айтып чыкты. "Алдын ала айтып коёюн, өкмөттүн иши бизди канааттандырган жок. Себеби биздин комитет билим берүү тармагы боюнча бир топ тапшырмаларды берди, бирок эч кандай аткарылган жок",- деди Осмоналиев. 
Көпчүлүк депутаттар өкмөттүн ишин колдоого алышарын билдиришүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан