Аскер кызматкерлерине кызматтык батирлерди берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

Аскер кызматкерлерине кызматтык батирлерди берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы Бишкек шаарындагы Жал кичи районунан аскер кызматкерлерине 30 батир берилген. Бирок текшерүүдө батирге ээ болгон кызматкерлер мурда да алышканы жана турак жайга муктаж эмес экендиги аныкталган. 

Ошол эле учурда кезекте кызмат учурунда жабыркагандар, каза тапкан аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү жана көп балалуу офицерлер да болгон. Алардын документтерин Коргоо министрлигинин Турак жай комиссиясы караган эмес. Учурда министрликтин кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Xabibbullo
2015-04-24 14:23:15
Жоготкула катардан аларды. Акча деп акчаны коздоп корупция кылгандар аскерде служба кылбашы керек. Саткындарды болгон медаль жоокердик белгисин алып катардан бошоткула кылымышы оор болсо камап да салгыла. Алар эртен оной эле саткын болуп кетет азыртан минтип отурса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан