
* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы америкалык актёр
Аль Пачино Нью-Йоркто төрөлгөн. Өз аты -Альфредо Жеймс Пачино. 50дөн ашуун киного тартылып, "Оскар", "Алтын глобус", "Эмми" сыяктуу сыйлыктарга татыктуу болгон.
Альфредонун тубаса таланты мектепте байкалып, мектепте коюлган алгачкы спектаклде анын аткаруучулугу көптөрдү таң калтырган. 17 жашында чыгармачылыкты тандап, мектепти таштап, курьерлик жумушка орношот. Анткени актёрлук билимге ээ болуу үчүн каражат керек болгон. Тиешелүү сумманы топтогон Альфредо Америкадагы эң мыкты деген Ли Страсберг актёрлук мектебине кирген. Мектепти бүтүп, алгач театрда иштеп, кийин акырындык менен киного өтөт. Пьесадагы алгачкы ролу үчүн "Эң мыкты актёр" деген атка татыган. Ал эми кинодо жараткан биринчи ролу Аль Пачиного эч кандай ийгилик алып келген эмес. Бирок экинчи тартылган "Өкүл ата" ("Крёстный отец") фильминен кийин актёрдун жылдызы жанган. Андан сырткары Аль Пачино "Падыша Лир" ("Король Лир"), "Оушендин 13 досу" ("Тринадцать друзей Оушена"), "Периштелер Америкада" ("Ангелы в Америке") ж.б. тасмаларында роль жараткан.

* Мындан 69 жыл мурун, 1946-жылы орусиялык саясий ишмер
Владимир Жириновский Казакстандын Алматы шаарында туулган. Чыгыш тилдер институтунун "Түркия жана түрк тили" адистигин артыкчылык менен аяктаган. Кийин Москвада юридикалык факультеттин кечки бөлүмүн бүтүргөн. "Орус улутунун кечээкиси, бүгүнкүсү жана келечеги" аттуу диссертациясын жактап, философия илимдеринин доктору болгон.
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы Япониянын Осака шаарынын аймагындагы "Амагасаки" станциясына жакын жерде чектелген ылдамдыктан катуу бараткан поезд рельстен чыгып кетип, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын имаратын сүзгөн. 106 жүргүнчү көз жумуп, 555 киши жаракат алган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы каталондук “Барселона” футболдук клубунун мурунку башкы машыктыруучусу, акыркы жылдары рак оорусу менен күрөшүп келген
Тито Виланова 45 жаш курагында көз жумган. Ал кезектеги операциядан кийин каза болгон. Жалпысынан ал буга чейин 2 операцияны башынан өткөргөн.
“Барселонада” Тито Виланова 2012-2013-сезонунда башкы машыктыруучу катары эмгектенген. 2013-жылы жай айында ден соолугуна байланыштуу кызматын таштоого мажбур болуп, бирок жардамчы катары эмгектенген.