Бишкектеги Жаш Гвардия сейил багы 3D стилинде көркөмдөлөт. Бул тууралуу долбоордун демилгечиси Нурсултан Сулайманов билдирди. Маалым болгондой, иш-чара 16-майда старт алып, ал “Кыргыз жергесиндеги Сорос” фондунун жардамы менен ишке ашат. Анда борбордун Жаш Гвардия бульвары жана аталган жайдын Чүй кең көчөсү менен кесилишкен аймагындагы таштанды таштоочу челектер жана коомдук отургучтар 3D стилинде көркөмдөлөт.
Нурсултан Сулайманов билдиргендей, учурда 6 отургуч графикалык жумуштарды жасоого даярдалган жана бул иш-аракеттер Бишкек мэриясы менен макулдашылган.