
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 50 жаштагы жаран изделип жатат.
ӨКМ маалымдагандай, 4-июлда издөө иштерине Куткаруу кызматынан 20 куткаруучу чыкты.
Ушул жылдын 12-июнунда Бишкектин Свердлов районунда Лебединовка айылынын 50 жаштагы тургуну каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам ал бир нече күн катары менен изделген.
Кечээ да Бишкектин аймагына кирген Чоң Чүй каналынын жээктеринен жана суудан издөө жүргүзүлдү.