Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 7-майда Япониянын кыргыз жериндеги элчиси Такаюки Коикэ менен жолугушту. Сарпашев өлкөлөр ортосунда түрдүү тармакта кызматташтыкты күчөтүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгиледи. Кыргыз жеринде биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациялоо процесси тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады.
Өкмөттүн билдиришинче, 2014-жылы кыргыз мамлекети менен Япониянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн суммасы 250 миллион долларды түздү. Бул 2013-жылкыга салыштырмалуу 14 пайызга көп.