Президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп барды

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Москва шаарына учуп барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Мамлекет башчыны аэропорттон Орусиянын Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жетектеген топ тосуп алды.

Айта кетсек, Атамбаев 8-майда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышып, КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен расмий эмес жолугушууларды өткөрөт. Ал эми 9-майда Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган Жеңиш парадына катышат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан