АКШ кытайлык ByteDance компаниясына таандык TikTok платформасын сатып алуу боюнча келишим түзүүгө даяр. Бул тууралуу 5-июлда АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Кытай менен TikTok'ту сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр 7-8-июлда башталат.
"Биз чындыгында келишим түзөбүз", - деп айткан Трамп.
19-июнда Америка лидери TikTok платформасынын өлкөдө иштөө мөөнөтүн 90 күнгө, башкача айтканда, 17-сентябрга чейин узартуу боюнча буйрукка кол койгонун жарыялаган. Ага чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Трамп платформанын көмүскөдө калышын каалабай турганын билдирген.