Бишкекте 70 миң доллар опузалаган жаран 5 миң алып жатып кармалды (видео) 

Бишкекте 43 жаштагы жаран опузалап талап кылган ири сумма акчасынын 5 миң долларын накталай алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, М.И. аттуу жаран М.А.га карата жалган маалымат таратпоо шылтоосу менен 70 миң доллар талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Өзгөчө ири өлчөмдөгү опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Анын негизинде 5 миң доллар алып жаткан жеринен шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

05.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан