Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламент жетекчилерине Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдык мааракеси менен куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда парламенттин маалымат кызматы билдирди.
"Биз адамзат тарыхындагы эң күчтүү душманды токтоткон жана жеңип чыккан ата-энелерибиздин алдында башты ийип таазим кылабыз. Алар фашисттик баскынчылардын негизги соккусун өзүнө алып, кан-жанын аябастан адамзатка эркиндик менен тынчтык тартуулашты. Жеңиш күнү биз үчүн кылымдардан кылымдарга ыйык күн катары кала берет",- деп айтылат төраганын куттуктоо катында.
Жээнбеков кесиптештерине, согуш жана оорук ардагерлерине чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалады.