Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары бүгүн, 8-майда Москвада расмий эмес жыйынга чогулушту. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына президенттин маалымат катчысы
Жанар Акаев билдирди. Акаевдин айтымында, расмий эмес жыйын өз убактысынан кечигип башталды.
Маалым болгондой, алгач жыйында Орусия президенти Владимир Путин жыйында отурган мамлекет башчыларды Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Андан соң Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады. Жыйында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге бул жыйынга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө алдында чогулуп отурганы маанилүү экенин айтты.