Бүгүн, 9-майда саат 10.00дө Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик жүрүш башталат. Жүрүштү КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев кабыл алат. Аскер жүрүшүнө 1500гө жакын аскер кызматкери эл алдына чыгып, 71 аскер техникасы көрсөтүлөт. Ошондой эле орусиялык авиациянын катышуусу пландалууда. Парадга бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Темир Сариев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана бир катар өкмөт мүчөлөрү катышат.