Асылбек Жээнбеков: "Мамлекетибиз күчтүү болсун, сүйүктүү өлкөбүз өркүндөп өсө берсин! Улуу Жеңишке түбөлүк даңк!"

Жогорку Кеңешин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында мекендештерди Жеңиш күнү менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүнүн тексти:

Ассалоому алейкум, урматтуу ардагерлер, урматтуу жоокерлер!

Саламатсыздарбы, ардактуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! 

Советтер Союзунун элдери теңдешсиз баатырдык жана каармандык менен адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөн кубаттуу жана мыкаачы душманды токтоткон жана аны жеңген. Ушул Улуу Жеңишке көп улуттуу Кыргыз Республикасы да өзүнүн татыктуу салымын кошкон. Бул согуш кыргыз мамлекетиндеги ар бир үй-бүлөгө залакасын тийгизген. Жашы жеткен эркек адамдардын дээрлик баары фронтко аттанышкан. 

Биздин мекендештерибиз душмандан жалтанбай, өлүмгө тик карап, чыныгы баатырдыктын үлгүсүн көрсөтүшкөн. Жеңиш үчүн душмандын танкын талкалап, Дүйшөнкул Шопоков өз өмүрүн кыйган. Жеңиш үчүн ок чачып турган амбразураны тосуп, Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрүн берген. Жеңиш үчүн учагы менен душмандын аскердик базасын жардырып, Ысмайыл Таранчиев ажалга тик караган. Мына ушундай эрдиктер аркылуу гана Улуу Жеӊишке жеткенбиз.

70 жыл өтсө да баары тең эсибизде. Бүгүн кан майдандан кайтпай калгандардын, согуштан аман келип, кийин көзү өткөн ардагерлердин элесине таазим кылабыз. Азыр арабызда аман жүргөн ата-энелерибиздин эрдигине сыймыктанабыз. Аларга чын дилибизден ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Ооруктагылар да “Баары майдан үчүн! Баары жеӊиш үчүн!” урааны менен иштешкен. Согушка барбаса да, кан ордуна маңдай терин төгүшкөн. Согуш кезиндеги жашоонун бардык түйшүгүн өз моюнуна көтөрүшкөн. Кары-картаӊдар, апа-энелер, келин-кыздар, окуучу балдар Жеңиш күнүн жакындатуу үчүн жан үрөшкөн. Бүгүн ооруктун баатырларына чын жүрөктөн рахматыбызды айтабыз.

Урматтуу мекендештер!

Биз согуштун традегиясын өз башынан өткөргөн, жеңиштин жана эркиндиктин баа-баркын билген элбиз.

Биз денебизде Манас бабабыздын каны жүгүргөн, эркиндикти туу туткан журтпуз. Кийинки эле 2200 жыл ичинде кыргыз эли нечен ирет мамлекеттүүлүгүн жоготту, аны кайра калыптандыруу үчүн Манастын урпактарынын канча мууну өз тагдырын канжыгага байлады. Жүрөгү дайыма эркиндик, көз карандысыздык деп согуп турду. Ушул максатына кыргыз эли 24 жыл мурда жетти. Бул Алла Таала элибиздин энчисине буюрган баа жеткис дөөлөт болду. Кудай насип кылган бакытты барктап, мамлекетибизди, анын көз карандысыздыгын, бүтүндүгүн көздүн карегиндей, түбөлүккө сактоо – баарыбыздын ыйык милдетибиз.

Ынтымагы жок коомдо, ырашкерлиги жок мамлекетте майда чатактар улуттук чоң трагедияга алып келип жатканын көрүп жатабыз. Ак ниет эмгек, ынтымак, ыйман бар жерде мамлекет күчтүү болуп, ал өлкөлөрдө тарыхта болуп көрбөгөн өнүгүү болуп жатканына да күбө болуудабыз. Кыргыз мамлекетинин эли, баарыбыз мамлекетибизди сүйүп, анын келечеги үчүн жан үрөп, жапа тырмак аракет кылуубуз зарыл.

Улуу Жеңиш тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды. Сиздердин эрдигиңиздер муундарга аңыз болуп айтылып, көөнөрбөс үлгү болуп кала берет. Согуштун жана эмгектин ардагерлерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, таазим этебиз! Элибиз аман, мамлекетибиз күчтүү болсун, сүйүктүү өлкөбүз өркүндөп өсө берсин! Улуу Жеңишке түбөлүк даңк!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан