Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтин ачылышы менен куттуктады. Бул тууралуу 9-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:
“Ардактуу согуштун жана эмгектин ардагерлери! Урматтуу мекендештер!
Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамында Арашан айылында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган жаңы эстеликтин ачылышы менен куттуктайм!
Улуу Ата Мекендик согуштагы аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдигине таазим этип, урмат көрсөтүү - адамдык ыйык парзыбыз. Айылдан кан майданга аттанган жаш жигиттердин арасында менин атам дагы бар эле. Ал катаал согуш алааматын баштан кечирип, Улуу Жеңишке өз салымын кошкон катардагы жоокерлердин бири болгон.
Улуу Жеңишке жалпы СССРдин эли - ар бир союздук республика, ар бир район, ар бир айыл өз салымын кошкон. Фашисттик баскынчыларды токтотуп, жер үстүндө тынчтыкты жана бейпил турмушту сактап калуу үчүн эр-азаматтарын кан майданга жөнөткөн. Оорукта калган карылар, аялдар, өспүрүм балдар төрт жыл бою күнү-түнү талбай эмгектенип, "Баары фронт үчүн!", "Баары жеңиш үчүн!" деп жашаган.
Улуу Жеңиш биринчи кезекте көп улуттуу элибиздин биримдигинин жана ынтымагынын аркасында камсыз болгонун эч качан эстен чыгарбайлы. Достугубузду, эл ынтымагын арттыралы. Жеңүүчү, жаратман муундун улуу эрдигин, каармандыгын жана майтарылбас эркин эч качан унутууга акыбыз жок. Ар бир шаарда, райондо, айылда эстеликтерди орнотуп, тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазып, кийинки муундун эсинде сактап калууга милдеттүүбүз.
Урматтуу мекендештерим!
Баарыңыздарды Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Фашизмге каршы күрөштө курман болгон, Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесин көрбөй калган мекендештерибизге терең таазим! Катарыбыздагы согуштун жана эмгектин ардагерлерине терең таазим, урмат жана сый! Баарыңыздарга чың ден соолук, тынчтык жана ынтымак каалайм!"