Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
"Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Банк системи улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоодо жана мамлекеттин финансылык туруктуулугун сактоодо зор мааниге ээ. Калкыбыз жана ишкерлерибиз үчүн финансы ресурстарынын жеткиликтүү болушу сиздердин ишиңиздерге жараша болот.
Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграция банк чөйрөсүнөн активдүү болууну талап кылат. Кыргыз мамлекетинин банктары экономикалык өсүшкө өбөлгө болушу керек. Ошол эле учурда түзүлүп жаткан эл аралык мамилелердин жана интеграциялык процесстердин шарттарында жаңы экономикалык шарттарга даяр туруу зарыл.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында банк системине жана чакан каржылоо секторуна маанилүү милдет жүктөлгөн. Банктар тарткан каржы каражаттары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө – жаңы ишканаларды ачууга, жумушчу орундарын түзүүгө жана адамдар үчүн керектүү продукцияларды чыгарууга жумшалышы керек.
Урматтуу банк системинин кызматкерлери!
Кыргыз мамлекетинин улуттук экономикасын чыңдоо жылы сиздерге чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө. Каржылык-насыялык системибизди өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле өлкөбүздүн инвестициялык жактан жагымдуу болушун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайсыздар деп ишенем.
Сиздерге чың ден соолук, өлкөбүздүн бакубаттыгы үчүн жасап жаткан ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!"