Лейлекте болгон селден улам кум, шагылдарга толгон ички чарбалык жолдор тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 8-май күнү саат 15:45 чамасында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен Андарак жана Ак-Терек айылдарындагы ички чарбалык жолдор кум, шагылдарга толгон. Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундар тартылып, жолдор тазаланды.