Каржы министрлигинде аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин аттестациялоо башталды. Министрликтин маалыматына таянсак, 29-30-апрелде жана 6-7-майда министрликтин Чүй, Талас облустарындагы, Бишкек шаарындагы 130 кызматкери аттестациядан өттү. "Эки облустун жана бир шаардын кызматкерлерин аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча 7 кызматкер жогорулатууга сунушталса, 93 кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайыктуу деп табылды, ал эми 30 кызматкер 6 айдан кийин кайрадан аттестациядан өтмөй болду",- деп билдирет мекеме.