Жалал-Абад. Милиция кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун 104 жаштагы ардагерине сый көрсөтүштү

Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарынын жаштар коомунун улан-кыздары менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун 104 жаштагы ардагери Жоро Шералиев менен жолугушту. Аталган мекемеден кабарлашкандай, жолугушууда ардагерге ИИМдин 90 жылдыгына арналган мааракелик төш белгиси тагылды. Жеңиш Жоробеков өз сөзүндө Жоро Шералиевге ден соолук каалап, жергебизге тынчтык алып келген аталарыбызга таазим кылып, ыраазычылыгын билдирди.          

Жоро Шералиев 1911-жылы жарык дүйнөгө келип, 30 жашында фашисттерге каршы согушка аттанып, Сталинграддагы айыгышкан беттешүүгө катышкан. Согуштан кийин 3 уул, 6 кыздуу болгон аксакалдын 30 небереси, 60тан ашуун чөбөрөсү жана 4 кыбырасы бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maks_shop
2015-05-11 17:06:58
Сый көрсөтүп деле кыйратышпайт, 104кө чыкан аксакал медал күбөлүктү не кылмак ошонун оордуна акча берип койушпайбы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан