Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган республикалык көркөм окуу сынагынын жыйынтыгы 12-майда чыгарылып, 13-майда сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти. Белгилүү болгондой, сынак былтыр жарыяланган жана анын негизги максаты тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу, көркөм адабий чыгармаларды жайылтуу жана тилдер саясатын өркүндөтүү болуп саналат. Иш-чаранын жобосуна ылайык, республикалык көркөм окуу сынагы аймактарда кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлдү. Аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруп, мыкты 40 окуучу тандалып, сынакка жолдомо алган.