Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 11-майда Бишкек шаарындагы жолдордун курулушун көрүп чыкты. Шаардагы жолдордун оңдолушу жеке көзөмөлүндө болорун билдирди өкмөт башчы. "Өкмөттүн алдындагы биринчи тапшырма - Бишкек жана жалпы республикадагы жолдорду оңдоп, жаңылоо. Жарандардын жагымдуу шартта жашоосу үчүн кам көрүү зарыл",- деп билдирген Сариев жол куруу жана оңдоонун сапаты боюнча мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгын сындады.
Сариев борбор шаардын башчысы Кубанычбек Кулматовго кыска убакыттын ичинде коомдук транспорттордун ишин тартипке келтирүү тапшырмасын берди. Кичи автобустарды азайтып, ордуна ири автобустарды ишке киргизүү механизмин иштеп чыгууну буйруду.
Өкмөт жетекчиси Бишкек шаарынын жолдорун тейлей турган муниципалдык мекеме түзүү ишин тездетүү милдетин да жүктөдү. "600 чакырым унаа жолу бар шаардын өзүнүн жол тейлөө тармагында мекемесинин жоктугу чоң катачылык болгон",- дейт Сариев.