Кадамжайлык активисттер Эл аралык билим олимпиадасында ийгилик жараткан окуучуларды сыйлашты

Эл аралык билим олимпиадасында ийгиликке жетишкен кадамжайлык окуучулар активисттер тарабынан 9-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө иш-чарасына чакырылып, грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу 11-майда SUPER.KG порталына "Кадамжай жаштары" коомдук фондунан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, сыйланган окуучулардын катарында Кения, Грузия сыяктуу мамлекеттердеги Эл аралык олимпиадада жеңишке жетишкен окуучулар болушту. Буга чейин Калысбек Исаев Грузияда өткөн сынакта 3-орунду, Кубанычбек Имаралиев 1-орунду багындырган
Жалпысынан Кадамжайда Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө 5 миңден ашуун адам катышты. Концерттик программадан сырткары Маданият үйүнүн алдында цирк өнөрпоздору өнөрлөрүн тартуулашты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан