Премьер-министр Темир Сариев 11-майда "Центерра" компаниясынын акционерлеринин жалпы отурумунун жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Айта кетсек, компаниянын акционерлеринин жалпы жыйыны 8-майда Канаданын Торонто шаарында өттү.
Кыргыз өкмөтүндөгү кеңешмеге "Центерра" компаниясынын Директорлор кеңешиндеги кыргыз мамлекетинин мүчөлөрү Кылычбек Шакиров, Калыйнур Садыров, Эмил Орозбаев жана "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчилиги катышты. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өкмөт башчыга акционерлердин жалпы жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат беришкенин 12-майда өкмөттөн билдиришти.