Өкмөт жетекчиси Темир Сариев 11-майда кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик органдардын маалыматтык системинин Евразиялык экономикалык союздун талаптарына ыңгайлашуусу боюнча жыйын өткөрдү. Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү бул жааттагы иштер план боюнча жүрүп жатканын белгиледи. Кыргыз-казак чек арасынан бажы көзөмөлүнүн алынышына байланыштуу талап кылынган маалыматтык системдин бардык компоненттери аяктоо алдында турганы, кыргыз мамлекетинин ЕАЭСтин курамына кошулуу келишими ратификацияланган учурдан тартып толук иштеп баштаары айтылды.
Жыйынтыгында Сариев бул жааттагы иштерди кыска мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасын бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.