Бишкекте мыйзамсыз курулган 4 объект бузулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жеке курулуш департаменти тарабынан Бишкекте өзүм билемдик менен муниципалдык жерге тиешелүү уруксат кагаздары жок салынган курулуштар аныкталган. Мыйзам бузуулар Көкчө-Тоо, №216, Алтын-Казык, № 2, Шооруков, №35 жана Лесхозная, №12 даректеринде катталган. Департамент тарабынан берилген буйруктун негизинде 2 капиталдык дубал, 1 чарбалык курулуш жана 1 тосмо бузулду.