Жалал-Абад шаарында быйыл 65 көчөдөгү жол чуңкурлары жамалат

Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү жол чуңкурларын жамоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты. Шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Субанкуловдун билдиришинче, Жалал-Абад шаарындагы жолдорду жамоо иштери боюнча быйылкы жылга 65 көчө киргизилип, 9200 чарчы метр жолдордогу чуңкурлар жана 8000 метр жол жаракалары бетон менен жамалат. "8 көчөгө толук асфальт төшөлөрү планга киргизилген. Бүгүнкү күнгө чейин “Жеңиш” эс алуу багындагы фонтандын айланасы толук асфальтталып бүттү. Токтогул атындагы сейил багынын жолдору жакын арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт",- деп билдирди мэрия. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан