Быйыл өлкөдөгү мектептерде Акыркы коңгуроо 29-майда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри
Эльвира Сариева билдирди.
Анын айтымында, буга мектеп окуучулары үчүн кышкы каникулдун узартылышы себеп болууда. "Кышкы оор шарттарга карабай биз окуу программасын ишке ашырып, окуучулардын жайкы каникулун кыскартпоого аракет кылып, кышкы каникулду узарттык",- деди Сариева.