Өлкөдө кызылча жана кызамыкка каршы эмдөөнүн экинчи баскычы старт алды. Бул тууралуу бүгүн, маалымат жыйынында Республикалык эмдөө борборунун директору Жолдош Калилов билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергесинин 7 облусунда 1 миллион 600 миңден ашык адам эмдөөдөн өтөт. “Учурда өлкөгө 1 миллион 700 миң вакцина алынып келинген. 2540 мобилдик бригадалар мамлекетибиздин эң алыскы делген Чаткал, Тогуз-Торо, Ак-Сай, Чоң-Алай жана башка аймактарына барышат. Мындан тышкары Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун негизинде 1798 стационардык бөлүмдөр иштөөдө”,- деди Калилов.